Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Даркүл Күйүкова, кыргыз–совет трибун акыны Кубанычбек Маликов «Төкөлдөштүн төрт кызы» деп таамай мүнөздөгөндөй, 1919-жылы азыркы Бишкектин Төкөлдөш зонасында жарык дүйнөгө келген (ал кезде Ворошилов району деп аталган). Төкөлдөштүн төрт кызы – Сайра Кийизбаева — опера ырчысы, СССРдин эл аритси, профессор; Сабира Күмүшалиева — актриса, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры; Даркүл Күйүкова (актриса, СССРдин эл аритисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты); Бакен Кыдыкеева — актриса, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Актриса 1929-жылы, али онго чыга элек тестиер кыз кезинде ошол кездеги музыкалуу-драма студиясынын алдында атайын жаш балдарга оюн көрсөтүү үчүн түзүлгөн ийримге (студиянын тарбиялануучусу, артисти, жаш драматург Сабыр Саабаев уюштурган) катышып, өз курагындагы секелектердин ролун аткарып, болочоктогу жаш көрүүчүлөр театрына (азыркы Б. Кыдыкеева атындагы ТЮЗ) негиз салгандардын катарына кирген.
Бакен Кыдыкеева сыяктуу эле Даркүл Күйүкова да жети жылдык мектепте билим алып жүргөндө, ата-энесинин “маскарпоз болбойсуң!” каршы болушканына карабастан 1936-жылы биринчилерден болуп, Сыдыкбек Жамановдун артынан эле ошол кезде тубаса талант, артист, режиссер, драматург Отунчу Сарбагышевдин демилгеси менен расмий түрдө ачылган Фрунзедеги жаш жеткинчектер театрынын (ТЮЗ) босогосун аттаган. Мектепте окуп да, театрда да иштеген. Мына ошол учурдан тартып алтымыш жылга чамалаган, анын ичинде 1942-жылдан баштап 1996-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында чыгармачылык узак жолду басып өткөн.
Д. Күйүкова жаш жеткинчектер театрында эмгектене баштаган алгачкы этабында, негизинен экинчи пландагы ролдорду ойногон: “Кайгылуу Какейде” Акылайды (М. Токобаевдин драмасы), “Койлуу булакта” Лауренсиянын курбусу Хасинтаны (Лопе де Веганын драмасы), “Саринжиде” Бөкөйдүн аялы Акчайымды (К. Эшманбетовдун драмасы). 1939-жылы жыйырма жаш курагында О. Сарбагышевдин “Көкүл” драмасында жетимиш беш жаштагы Бурул кемпирди өтө ынанымдуу ойноп, кесиптештерин таң калтырган.
Д. Күйүкованы бүткүл Кыргызстанга тааныткан, актрисанын табигый патетикалык кудуретин, эпикалык масштабын өтө айкын, даана көрсөткөн, анын ушул пландагы жараткан сахналык образдарына чыйыр салган ролу 1944-жылдын акырында коюлган “Жаңыл” Жаңыл Мырзанын образын татыктуу түзүү менен ал кыргыз актрисаларынын арасынан чыгармачылык даңкка ээ болгон. Д.Күйүкова чыгармачылык диапазону өтө кеңири актриса. Ал нукура универсалдуу талант эле. Актрисанын кандай гана ролу болбосун, мейли Жаңылбы, мейли Кабановабы (Кабаниха), мейли Оңолканбы, мейли Толгонай менен Алтын таяк Зулайкабы, Өлөрмөн эне менен Фарманбүбүбү, алп Манастын апасы Чыйырдыбы — баардыгын бириктирип турган алардын эпикалык масштабдуулугу. Бул касиет Д. Күйүкованын чыгармачылык өзгөчө почерки. (Ж.Кулманбетов “Кыргыз театры”)
Сыйлыктары жана наамдары:
Кыргыз театр маданиятынын тарыхында Ч.Айтматовдун “Саманычын жолу” спектаклинин башкы каарманы Толгонайдын образын театрдын сахнасында Даркүл Күйүкованын ачып берүүсү өзүнчө тарых болуп кала берди. Ал бул образ аркылуу боорукер, кайраттуу, ары эмгекчил, мээримдүү эне болуп чыга келген.Спектаклди режиссер Медербек Назарлиев сахналаштырган. Спектаклдин бет ачары 1966-жылы Орус драма театрынын сахнасында өткөрүлүп, кыргыз драма театрынын репертуарында он жылдан ашуун жүрүп, миң ирет коюлган. Бир жылдан кийин “Саманчынын жолу” спектакли Москвада көрсөтүлүп, театр ишмерлеринин, көрөрмандардын зор баасын алып, Даркүл Күйүковага СССРдин эл артисти наамы берилет.
Кийинчерээк режиссер Бообек Ибраев койгон немецтин белгилүү драматургу Бертольт Брехтин “Өлөрман эне жана анын балдары” спектаклинде Даркүл Күйүкова — Эненин образын жаратып, ал образ немец элинин атактуу актрисасы, Брехтин жубайы Елена Вейгелдин жараткан образы жана талантына окшош деген жогору баасын алып, СССРдин “Эл достугу” орденине татыктуу болгон. Сексенинчи жылдардын баш ченинде Д. Күйүкова “Манастын уулу Семетей” драмасында Чыйырдынын образын жаратып, анүчүн актриса Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамын алган. Даркүл Күйүкова театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон кейипкерлерди, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз театр өнөрүндө улуттук мүнөздөгү кайталангыс театр мектебин түптөп кеткендердин бири. Советтер Союзунда эң мыкты беш актер болсо ошолордун бирөө Даркүл Күйүкова деген атакка татыктуу болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат да болуп шайланган. Ал кыргыз киносунда “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Аптап”, “Аталар өрөөнү” кинотасмаларында бири-бирине окшобогон образдарды түзгөн. Ал узакка созулган оорунун кесепетинен 1997-жылы каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.