Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын М. Ауэзовдун “Еңлик-Кебек” спектаклинин жаратуучулары КР эл артисти Нуркан Турсунбаев, КР эмгек сиңирген артисти, режиссер-коюучу Назым Мендебаиров, котормочу — КР эмгек сиңирген артисти Жипариса Көчөрбаева спектаклди сахнага чеберчилик менен койгондугу үчүн, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыгын лауреаты Эржан Осмонов башкы каарман Кебектин образын жогорку чеберчилик менен аткарганы үчүн, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси Гүлнара Сатарова Еңликтин образын мыкты алып чыккандыгы үчүн Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун Алтын медалы менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун секретариаты тарабынан сыйланышты.