Анара Назаркулова
Туулган күнү: 1 января 1949
Туулган жери: Бишкек шаары
Өмүр баяны
Назаркулова Анаркүл, КР эл артисти.
Өзүнүн актердук эмгэк жолун1972-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Бүткүл Союздук театралдык институтту бутуруп келгенден кийин жаңыдан уюушулган Ош областтык драма театрында иштөөдөн баштаган. Бул театрдан улуттук, дуйнөлук, боордош элдердин драматургиясынын негизинде коюлган спектакелдерде түрдүү ампуладагы образдарды жаратып, көрүүчүлөргө жакты, өз көрармандарына ээ ээ болду.Өзгөчө М.Горькийдин “Акыркыларында” Надежданын, “Түпкүрдөсүндө” Настянын, А.Чеховдун “Чайкасында” Полина Андрееванын, К.Гоццинин “Жашыл чымчыгында” Барбаринанын, Ж.Б.Мольердин “Дворяндыкты эңсеген көпөсүндө” Николдун. Н.Гогольдун “Текшерүүчүсүндө” Мария Антонованын, А.Токомбаевдин “Күндүн чыгышында” Веранын, Б.Жакиевдин “Эртең Жаңы жылында” Тамаранын,Ч.Айтматов, К.Мухамеджановдун “Фудзиямада кадыр түнүндө” Гүлжандын, Ч.Айтматовдун “ Ак кемесинде” Гүлжамалдын, М.Гапаровдун “Күнөстүү аралындагы” Жаңылдын , “Кадыр түнүндөгү” Карачачтын ж.б таланттуу урунттуу, жаркын образдарды жаратып улуттук театр дүйнөсүндө өз ордун тапты
1983-1990-жылдарда Ысык-Көл областтык драма театрында В.Шекспирдин “Ромеожана Жульеттасында” Жульеттаны баккан аялдын , М.Байжиевдин “ Эркектер намысында” Врачтын, Анардын “Илинчегинде” Фарида ханумдун, З.Сооронбаеванын “ Сынган мазарында” Арсардын, Рамузовскаянын “ Кымбаттуу Елена Сергеевнада” Еленаны Ч.Айтматовдун “ Кылым карыткан бир күнүндө” Үкүбаланы, Найман энени , Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайында” Күлкүчү кемпирдин ролдорүн эң мыкты аткарып, көп кырдуу, татаал образдарды түзүп , көлдүк көрүүчүлөлдүн сүймончүлүгүно ээ болгон.
К.Жанөшөвдүн “Курманбегиндеги” Айганыштын энесинин, Азиз Несиндин “ Кел берисинде” Зананын, “ Дорогая Елена Сергеевнада” Елена Сергеевнанын, Б.Калчабакванын “Мен сүйгөн обонундагы” Токтобүбүнүн, Т.Абдумомуновдун”Каркыранын кайткандасында” Наргүлдүн образдары үчүн А.Назаркулова жогорудагы сыйлыктарга татыутуу болгон , театр сүйүүчүлөрүнүн , сынчыларынын купулуна толуп , мактоого арзыган.Бул образдар актрисанын чыгармачылыгындагы этаптуу ийгиликтер болуп саналат.
“Сынган мазар” спектакелинде Арсардын образын эң мыкты жаратканы үчүн актриса М.Рыскулов атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.Кыргыз улуттук академиялык Абдумомунов атындагы драма театрда иштеген кийинки ондон ашуун жылдын ичинде , эстен кеткис бир топ мыктыобраздарды түздү. Алар: Ч.Айтматов, М.Шахмановдун”Сократты эскерүү түнүндөгү” Сүйүү, Ж.Садыковдун” Адам жана азезилдеги” Аял , Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайында” Күлкүчү кемпир . Алар бири-бирине окшобогон түркүн түстөгүкөркөм сахналык тууундулар. Андан тышкары Морис Метерлинктин “ Көк чымчыгында “ Чоң эненин , Ч.Айтматовдун” Саманчынын жолунда” Жер эненин образын соонун жаратып, “Эргүү” улуттук театр сыйлыгына ээ болду .
Кыргыздын театр , кино искусствосуна кошкон зор салымы үчүн КР эмгек сиңирген артисти, КР эл артисти, “Эргүү” улуттук театр сыйлыгынын “Ак илбирс” кино сыйлыгынын ээси наамдарына татыган.
Кыргыз кино индустриясын өнүктүрүүдө зор эмгек жасап, ондогон көркөм, докумеенталдуу фильмдерге тартылган. Алардын этаптуулары:
\"Эсимде\" к/ф - реж- А. Арым Кубат
\"Бейиш эненин таманында\" к/ф - реж- Руслан Акун
\"Апама кат\" - к/ф - реж- Руслан Акун
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү