Одуракаев Бусурман Кожокулович
Туулган жери: Талас районунун Арашан айылында төрөлгөн
Өмүр баяны
Одуракаев Бусурман Кожокулович КР эл артисти
Одуракаев Бусурман Кожокулович 1962-жылы Талас районунун Арашан айылында төрөлгөн.
1979-1981-ж.ж. Кыргыз Академиялык драма театрынын алдындагы студияны бүтүргөн. Андан соң Алма-Ата мамлекеттик театр жана кино институтун 1985-ж. аяктаган. Маданият министрлигинин жолдомосу менен Кыргыз Академиялык драма театрында ушу тапка дейре эмгектенип келет. 24 жылдын ичинде көптөгөн этаптык ролдорду жаратты Үй-бүлөлүү, бир уулдун, эки кыздын атасы.
Мисалы:
В.Цагарели «Ханума» -Котэ
Б.Калчабаева «Аян» -Алыкул Осмонов
Ч.Айтматов, М.Шаханов «Сократты эскерүү түнү» -Акканат
Дүйнөлүк классикада:
В.Шекспир «Ромео менен Джулңетта» -Ромео
В.Шекспир «Гамлет» -Гамлет
В.Шекспир «Король Лир» -Кент
Г.Лорки «Кандуу той» Леонарда
1994-ж. Ч.Айтматов театрын ачып ага директор болуп дайындалган.
1995-ж. Р.Оторбаев «Абай Сот» режиссер И.Рыскулов.
1996-ж. Г.Лорки «Кандуу той» -режиссер Н.Асанбеков.
1998-ж. Б.Максутов «Тозокко тете күн» -режиссер И.Рыскулов. Абайдын образын мыкты жараткандыгы үчүн Советбек Жумадылов атындагы, «Алтын-Көпүрө» сыйлыктарына ээ болгон. Бир топ актерлор, режиссерлор эларалык Ч.Айтматов, Б.Кыдыкеева жана Ж.Абдыкадыров сыйлыктарына ээ болушту. Ушунун баары эларалык Ч.Айтматов театрынын эмгеги.
1996-ж. Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» повести боюнча тартылган «Куш өмүр» филңминде –Ысмайыл, В.Шекспирдин «Ромео менен Джулңетта» -Ромео, «Гамлетте» -Гамлет ролдорду жогорку деңгээлде жараткандыгы үчүн «Эларалык Ч.Айтматов» атындагы сыйлыгы ыйгарылды.
1997-ж. Ч.Айтматов менен М.Шахановдун «Сократты эскерүү түнү» спектаклинде Акканаттын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн «Нооруз-97» театр фестивалында сыйлыкка татыктуу болду.
1998-ж. Шотландиянын Эдинбург шаарында «Кыргыз Гамлети» деген ат менен В.Шекспирдин бүткүл дүйнөлүк энциклопедиясынын тизмесине киргизилди.
1999-ж. театр өнөрү жагындагы эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланды.
2005-ж. Республикалык театр өнөрүн өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылды.
Кинематография боюнча:
1987-ж. Ч.Айтматов «Акбаранын көз жашы» фильминде -Секретарь, комсомол
1990-ж. Ч.Айтматов «Бетме-бет» фильминде башкы каарман -Ысмайыл.
1991-ж. Т.Ибраимов «Кошокчу» фильминде башкы каарман -Болот
1992-1993-ж.ж. «Айыл ажары» документалдуу фильмдин сценарийин жазып жана тарткан режиссер.
1993-ж. «Ермак» филңминде -Басбулат (Мосфилңм)
2001-ж. М.Сарулу «Алтын кыргоол» -Сүрөтчү фильми 2002-ж. Францияда Гран-приге ээ болгон.
2003-ж. И.Ибрагимов «Аргымактын добушу» документалдуу филңминде –Белек Солтоноев.
2007-ж. М.Поншвил «Тенгри» башкы каарман –Шамшы. Арт синема Франция.
Кинематографисттер союзунун мүчөсү.
2026- ж. Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп дайындалды.
Катышуучу спектаклдер
(1)Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү