Сейдалиева Калича Осмонбековна

Сейдалиева Калича Осмонбековна

КР эмгек сиңирген артисти

Туулган күнү: 15 сентября 1956

Туулган жери: Талас областынын Киров районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган

Өмүр баяны

Сейдалиева Калича Осмонбековна, КР эл артисти, «Манас 1000» медалынын ээси, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты,  Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты.

15. 09. 1956-ж. Талас областынын Киров районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган

1974-75ж.ж. Кыргыз мамлекеттик драм театрынын алдындагы Театралдык окуу жайда окуган.

1975-79ж.ж. Ташкент шаарындагы А.Островский атындагы театралдык көркөм институтунун актердук факультетин бүтүргөн.

1979ж. бери Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист болуп эмгектенет.

1990ж. Эл аралык «Нооруз-90» театралдык фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» (Гран-При) сыйлыгынын ээси.

1992ж. Жылдын мыкты актрисасы наамын жеңип алган.

1993ж. «Нооруз-93» театралдык фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» сыйлыгы менен сыйланган.

1994ж. «Нооруз-94» театралдык фестивалында Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

1996-ж. Башкортостандын Уфа шаарында өткөн түрк тилдүү театрлардын эл аралык театралдык «Туганлык» фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» (Гран-При) сыйлыгы менен сыйланган.

1995ж. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына татыктуу болгон.

1995ж. «Манас 1000» медалы менен сыйланган

1995ж. Түркияда өткөн театралдык фестивалга катышуучусу.

1999ж. «Айтматов жана театр» эл аралык фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» (Гран-При) сыйлыгын алган.

1999ж. Түркияда өткөн театралдык фестивалдын катышуучусу.

2003ж. Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

2005ж. Татарстандын Казань шаарында өткөн эл аралык «Навруз» театралдык фестивалына катышкан.

2006ж. Түркиянын Адана шаарында өткөн «Сабанджи» эл аралык театр фестивалына катышуучусу.

2008ж. Түркиянын Кония шаарында өткөн театралдык фестивалга катышкан.

2000, 2006ж.ж. Башкортостандын Уфа шаарында өткөн түрк тилдүү театрлардын «Туганлык» эл аралык фестивалына калыстар тобунун мүчөсү болуп барган.

«Күн бетиндеги көлөкө» телепостановкасындагы ролу үчүн «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгын жеңип алган.

2019-ж. КР эл артисти наамы менен сыйланган.

 

Этаптык ролдору:

  1. Касенов «Алда жаш жубайлар ай»             -Зуураш
  2. Ж.Садыков «Манастын улуу Семетей»            -Каныкей
  3. Ж.Абдыкадыров «Олжобай менен Кишимжан» -Жеңе
  4. А.Абдулин          «13-башкарма»                              -Кадрия
  5. Б.Өмүралиев          «Тагдырдын өгөй балдары»         -Саадат
  6. Б.Өмүралиев          «Жүз катын»                                   -Араппаева
  7. В.Шекспир                   «Ричард III»                 -Королева Маргарита
  8. Т.Абдумомунов «Чолпонбай»                        -Фрау Марта
  9. Э.Эрматов «Жаңыл Мырза»                   -Жаңыл Мырза
  10. Ж.Садыков          «Сейтек»                                         -Каныкей
  11. Ж.Садыков «Кагылайын Манасым» -Кайып эне (Чыйырды)
  12. Ч.Айтматов          «Саманчынын жолу»                     -Толгонай
  13. В.Шекспир                    «Король Лир»                                -Гонерилья
  14. М.Байжиев «Байыркы жомок»                         -Сур эчки
  15. Б.Жакиев          «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай»       -Келини
  16. М.Гапаров          «София Булан»                         -Энеси, элеси
  17. Еврипид          «Медея»                                          -Кормилица
  18. Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт»                  -Официантка
  19. С.Ахмад          «Келиндер козголоңу»                  -Лутфи
  20. Б.Жакиев          «Атанын тагдыры»                        -Зуура
  21. К.Иманалиев          «Атаке баатыр»                       -Жаңыл мырза
  22. Ч.Айтматов          «Чынгызхадын ак булуту»            -Алтун
  23. Г.Гапарова          «Куурчакты өлтүргүлө же

М.Гапаров                   кызганчаак аялдардын кечи»        -Мадина

  1. С.Ахмад          «Күйөө бала»                        -Келини (Назми)
  2. Т.Абдумомунов «Ак жол»                                        -Мира
  3. Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт»          -Зулайда
  4. М.Байжиев «Эрик таңы»                                   -Канайым
  5. М.Байжиев «Жигиттер»                                    -Энеси
  6. К.Зарлыкова          «Сибирь челноктору»          -Салый
  7. Балакаев          «Эненин жүрөгү»                           -Эне
  8. М.Тойбаев «Өчпөс жылдыз»              -Рима Касымовна
  9. Т.Касымбеков,

К.Сактанов                  «Курманжан датка»          -Курманжан датка

  1. А.Чехов          «Алчалуу бак»                               -Дуняшка
  2. Н.Гоголь          «Өлүү жандар»                              -Дуня
  3. Ч.Айтматов          «Танабай коммунист»          -Партком
  4. А.Фадеев          «Жаш гвардия»                     -Уляна Громова
  5. Ж.Өзүбекова          «Апамдын махабаты»     -Салыя, энеси
  6. Ш.Садыбакасов «Ак боз ата»                    -Алтын таяк каныша
  7. К.Иманалиев “Керээз” – Эне
  8. Ж.Садыков “Төлгө” - Каныкей

 

Телепостановкаларда:

  1. М.Гапаров «Кар алдындагы алчалар»            -Прокурор
  2. Б.Үсөнкулов «Күн бетиндеги көлөкө»                -Салый
  3. Ж.Ёзъбекова «Апамдын махабаты»          -Карындашы
  4. И.Төкөлдөшов «Гүл саткан адам»                          -Гүлкайыр

 

 

 

 

 

 

Билим берүү тармагында

 

  1. Билим берүүнүн отличниги, Б.Бейшеналиева атындагы КМИМУнун доценти.
  2. 2008-2010-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУда “Сахна кеби” жана “Көркөм окуу” сабагынын мугалими болуп эмгектенген.

 

  1. 2000-жылдан бери Кыргыз-Түрк Манас университетинде жана университеттин консерваториясында “Сахна кеби” жана “Көркөм окуу” сабагынын мугалими;
  2. Б.Бейшеналиева атындагы КМИМУнун “Режиссура жана актердук чеберчилик”, “Кино жана телевидение” факультеттеринин “Көркөм окуу”, “Сахна кеби”сабагынын мугалими;
  3. Т.Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы “Театралдык окуу жайдын” “Сахна кеби” жана “Көркөм окуу” сабагынын мугалими болуп эмгектенип келет.

 

 

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Сейдалиева Калича Осмонбековна — фото 1
Сейдалиева Калича Осмонбековна — фото 2
Сейдалиева Калича Осмонбековна — фото 3
Сейдалиева Калича Осмонбековна — фото 4