Мырсалиева Сайрабүбү Ажыгуловна
Туулган күнү: 5 октября 1958
Туулган жери: Талас районунун Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн
Өмүр баяны
Мырсалиева Сайрабүбү Ажыгуловна, КР эл артисти
10. 05. 1958-ж. Талас районунун Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. 1975-1979-ж.ж. Ташкенттеги Островский атындагы театралдык өнөр институтун бүтүргөн.
1979-ж. бери КГАДТнын, азыркы КНАДТнын артисткасы.
1982ж. ЦК ЛКСМ Кыргызстандын Ардак Грамотасын алган.
1995-ж. «Манас эпосуна-1000» жыл эстелик медалы менен сыйланган. 1996-ж. Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиьирген артисти» наамын алды.
1998-ж. Маданият министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2001-ж. Маданият министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2003-ж. Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты
2023-ж. КР эл артисти ардак наамы менен сыйланган.
Театрда иштеген жарым кылым аралыгында С. А. Мырсалиева таланты, талбаган эмгеги , чыгармачыл изденүүлөрү менен көптөгөн түрдүү амплуадагы мыкты ролдорду жаратты. Алсак: А.Балакиевдин “Эненин жүрөгүндө” Минджянын, К.Эшмамбетовдун “Эгиз баласында” Канышайдын, Т.Абдумомуновдун “Машырбек үйлөнөтүндө” Шакыйнанын, “Абийир кечирбейтинде” Шайыргүлдүн, Ж. Абдыкадыровдун “Олжобай менен Кишимжанында” Кишимжандын, Ж.Садыковдун “Айкөл Манасында” Аруукенин, “Сейтегинде” Айчүрөктүн, Ч.Айтматовдун “ Танабай коммунистинде “ Бүбүжандын, “Ак кемесинде” Бекейдин, У.Шекспирдин “Король Лиринде” Регананын, М.Чеховдун “Алчалуу багында” Анянын, М.Гапаровдун “Биздин үйдүн Карлсону” Каныкейдин, “Туздуу чөлүндө” Айканыштын, М.Каримдин “Ай тутулган түндө” Шафактын, Т.Касымбеков, К.Сактановдун “Курманжан даткасында” Жаркынайдын, С.Ахмаддын “Күйөө баласында” Назминин, Н.Хикметтин “Унутулган адамында” Аялдын, Ф.Буляковдун “Бакбергендин бактысында” Калипанын, Э.Эфендиевдин “Рахмат сага, Шекспир” спектаклинде Сара Бернардын, А.Несиндин “Торостук зөөкүр” спектаклинде баш каарман Михрибандын образын жараткан.
С.Мырсалиева кино, телевидениеде да актердук өнөрү менен белгилүү. Ал режиссер К.Кыдыралиевдин “Выстрел в степи” (“Талаада атылган ок”) фильминде Марипанын, режиссер А.Сүйүндүковдун “Кошокчу” фильминде Бурулдун образдарын жаратты. Телеспектаклдерде: алсак З.Сооронбаеванын “Чоочун кишисинде” Жайнагүлдүн, Г.Мамашеванын “Жашоодон бир үзүмүндө” Мөөркандын, Б.Үсөновдун “Тозок отундагы адамында” Асылдын, “Жаңырык” телефильминде Бүбүсаранын ролдорун жеткиликтүү ойноп, көрүүчүлөргө тартуулаган.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү