Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Жипариса Көчөрбаева өзүнүн чыгармачылык жолун 1981-жылы Ош областтык кыргыз драма театрында актриса болуп иштеп баштаган. 1982-жылдан бери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет. Көчөрбаева Жипарисанын табигый талантына лирикалык – романтикалуу, курч мүнөздүү образдар менен бирдикте комедия жанрындагы образдар да мүнөздүү. Ал театр сахнасында жараткан образдар ички драматизми жана инсандык максималдуулугу менен айырмаланып турат. Ал кыска мөөнөттүн ичинде кыргыз жана дүйнөлүк драматургиясынын үлгүлөрү болгон чыгармалардан көркөмдүк деңгээли жогору образдарды жаратты. Алардын ичинде:
Н. Байтемиров «Уркуя» – Дүрдана, М. Карим «Ай тутулган түндө» – Зубаржат, В. Шекспир «Гамлет» – Офелия, П. Чехов «Алчалуу бак» – Аня, Т. Уильямс «Эңсөө» Трамвайы» – Бланш, Ж. Кокто «Адамдын үнү» – Аял, С. Ахмад «Темир аял» – Адалат, А. Шницлер «Сүйүү айлантмасы» – Гризетка, М. Байджиев «Кожожаш» – Зулайка, М. Гапаров «Сафия Булан» – Асия, М. Гапаров «Кызганчаак аялдар…» – Эркайым, Г. Лорка «Кандуу той» – Колукту, С. Ахмад «Күйөө бала» – Зумрад, Н. Хикмет «Унутулган адам»-Эне, Ф. Буляков «Бакбергендин балпайган бактысы»–Марипа, «Рамаяна»–Мантхара, «Бейтааныш» – Эне, «Рахмат сага, Шекспир» – Эрди-Катын, Ф.М.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» романынын негизинде сахналаштырылган «Мармеладовдор» спектаклинде — Катерина Ивановна ж.б. образдар бар.
1993-жылы «Сафия Булан» спектаклинде Асиянын образын бийик чеберчиликте жараткандыгы үчүн Т. Турсунбаева атындагы сыйлык, 1995-жылы «Адамдын үнү» спектаклинде Аялдын образын мыкты аткаргандыгы үчүн Гран- При, 2000-жылы «Нооруз-2000» Эл аралык театр фестивалында «Эңсөө» Трамвайы» спектаклинде Бланштын ролуна Аялдын образын эң мыкты аткаргандыгы үчүн Гран-Прини, 2017-жылы «Бакбергендин балпайган бактысы» спектаклинде Марипанын ролу үчүн «Эргүү» Улуттук театр сыйлыгын жеңип алган.
Түркия мамлекетинин Анкара шаарныда өткөн 14 ETHOS Эл аралык театр фестивалына «Бейтааныш» спектакли менен катышып, Түрк мамлекеттеринин уюмунун Түрк театр маданиятына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Күмүш символу» сыйлыгы менен сыйланган. Дал ушул Эл аралык фестивалга катышкан чыгармачылык топменен техникалык топтун кызматкерлеринин жол кире чыгымдарына 5500 доллар өлчөмүндөгү спонсордук жардламды алып келгендиги үчүн театр жетекчилеринен алкыш алган. 26.03.2022
2001 – жылдан бери Ж. Көчөрбаева «Акайын» Жаш таланттарды колдоо жана улуттук маданият менен искусствону өнүктүрүү» коомдук фондун жетектеп келет. Ал Кыргызстанда «Бишкектин Жашыл театры» аттуу көчө театрын уюштуруп, көчө спектаклдери менен Эл аралык көчө театрларынын фестивалдарында катышып жана республикабызда 2007, 2010, 2012-жылдары өткөрүлгөн I-II-III Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Эл аралык көчө театрларынын фестивалдарын жетектеп, жогорку деңгээлде өткөрдү. Ошондой эле 202