Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз Республикасынны эл артисти
Көп кырдуу талант, 1966 – жылдан бери СССР Театр Ишмерлер, Кинематографисттер, Композиторлор союздарынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурканбек турсунбаев 1940 – жылы 15-июлда Нарын областынын Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген.1966-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы көркөм өнөр институтун бүткөн.
Драмалык актер катары: Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын сахнасында 54 жыл аралыгында 100 дөн ашуун Кыргыз Улуттук классикасынан Дүйнөлүк классикага чейинки каармандардын образдарын эң жогорку деңгээлде элдин купулуна толо аткарып,эл алкышына ээ болуп келүүдө. Театрда актердук чеберчилик менен эле чектелип калбастан, 30 жыл чамасында гастролдук иштерин эң мыкты уюштуруучулук менен жетектеп, учурундагы пландарды ашыгы менен аткарып, театрдын материалдык базасын чыңдоого эбегейсиз салым кошкон.
Эл сүйүп угуп — көргөн «Кутмандуу болсун күнүңөр!», «Театр микрофондо», «Шибеге», «Көрөгөч», «Дүйшөмбүдө кечинде», «Ушундайлар да болот», «Мыскыл жана Тамаша», «Алтынчы күнү кечинде», «Бөбөк сенин жомогуң» ж.б.у.с радио-телеберүүлөрдө талыкпай эмгектенип келе жатат. Эң алгачкы «Абайлап күлгүлө!» аттуу мыскыл жана тамаша программасынын автору.
Киноактер катары: 15 тен ашуун 1961-жылкы Кыргыздын эң алгачкы көркөм түстүү кинофльми болгон «Жородогу» башкы каарман Мусанын ролунан баштап, ушул күнгө чейинки Россия – Кыргыз – Казакфильм киностудиялары чыгарган фильмдерде башкы каармандардын образдарын эң жогорку деңгээлде жаратты. 300 дөн ашуун кинофильмдердин дубляж-котормолорунда катышты.
Обончу композитор катары: Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын 10 дон ашуун спектаклинин, Республикалык М.Жангазиев атындагы Куурчак театрынын 20 га жакын куурчак спектаклинин, 10 дон ашуун «Кыргызфильм», «Кыргызтелефильм» студиялары чыгарган көркөм жана документалдуу телефильмге музыкаларын жазып, ал музыкалардын айрымдары Дүйнөлүк фестивалдарда лауреаттык наамга ээ болгон. Мисалы: “Почта” аттуу документалдуу телефильмге жазган музыкасы 1972-жылы Германиянын Лейпцих шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк кинофестивальда «Күмүш Көгүчкөн» байгесине татыктуу болуп, лауреаттык наамга ээ болгон. Мындан тышкары 500 дөн ашуунобондуу ырларды жаратып, алардын ичинен бир топ чыгармалары Союздук фестивальдарда, Республикалык кароо-конкурстарда, айрымдары Дүйнөлүк фестивальдарда баш байгени багынтып лауреаттык наамга ээ болушкан. Мисалы: «Алтынчы күнү кечинде» аттуу ыры 1974-жылы Чехославакиянын Прага шаарында өткөн Дүйнөлүк Обончу-Композитор-Атакаруучулардын фестивалында Дүйнөлүк ырчы Болот Миңжылкиевдин аткаруусунда баш байгеге татыктуу болуп, жеңүүчү деп табылган да, бул ийгилик Болот Миңжылкиевге «СССРдин Эл артисти» деген наамды ыйгаруу менен белгиленген. «Геологдун ыры» аттуу ыры 1995-жылы Геологдордун гимни, «Сүйгөн жерим» аттуу ыры Кыргызстандын Агрардык Эмгек партиясынын гимни болуп 1997-жылы конкурстун негизинде кабыл алынган жана ушул эле “Сүйгөн жерим” аттуу ыры 2007-жылы “Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журт!” сынагында атайын дипломго татыктуу болгон. “Күкүк кушум” аттуу чыгармасы 1996-жылы Республикалык конкурстун лауреатыгына татыктуу болуп, атайын байге менен сыйланган. «Ай баратат» аттуу ыры СССРдин Эл артисткасы Бүбүгүл Төлөгөнованын жана белгилүү эстрада ырчысы Ырыскелди Осмонкуловдун аткаруусунда Бүткүл Дүйнөлүк Эл Аралык фестивальдарда баш байгелерди багындырган. Ал эле эмес “Каныбек” кино тасмасы Бүбүгүл Төлөгөнованын аткаруусунда ушул “Ай баратат” чыгармасы менен музыкалык көркөмдөлгөн. Бул «Ай баратат» чыгармасы 2001-жылы Ырыскелди Осмонкуловго Турцияда өткөн Дүйнөлүк фестивальда чоң ийгилик алып келип, Биринчи сыйлык Алтын медалга татыктуу болгон да, бул ийгилик ырчыга «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам менен белгиленген. Эң алгачкы “Гүлдөр симфониясы” аттуу 52 обондуу чыгармадан турган балдар опереттасын жараткан. Обончу — композиторлордун Республикалык кароо – сынагынын Баш байге жана Биринчи байгенин жеңүүчүсү – 2019-жыл. “Жамийла” (сөзү К.Урманбетов) аттуу чыгармасы Баш байге, “Жайкы жамгыр” (сөзү М.Алыбаев) аттуу чыгармасы Биринчи байгени жеңип алып, Нурканбек Турсунбаев лауреаттык наамга ээ болду. Кыргыз музыка тарыхында бул ийгилик чоң жаңылык болду, себеби бир автор бир эле сынакта эки башкы байгеге ээ болгон мурда Маданият тарыхында болгон эмес эле.Чынгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык – 2018 – жылы Нурканбек Турсунбаевдин Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жараткан образдарындагы чоң жетишкендиктери, залкар жазуучунун чыгармалары боюнча коюлган спектакльдерди жогорку деңгээлде музыкалаштырган жана ал каармандарын музыка жаатында чагылдырып, эң көркөм музыкаларды жогорку чеберчиликте жаратып жана залкар жазуучунун бейнесине арнап жараткан дастан чыгармасы улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн сынактын негизинде татыктуу деп табылып, ыйгарылды.“Кыргыз Туусу” газетасы жыл сайын өткөрүп келаткан сынактын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы “Жылдын чыгаан чыгармачылык инсаны”, 2017-жылы “Жылдын эң мыкты обончу-композитору” деген сыйлыкка татыктуу болуп, сынактын жеңүүчүсү деп табылды.
Музыкант катары 14 улуттун музыкалык аспаптарында эркин ойноп, ал өнөрүн педагог катары 50 жыл аралыгында жогорку окуу жайларында, мисалы: Кыргыз Улуттук Университетинде, Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда, Кыргыз Тоо-Кен металлургиялык институтунда, орто окуу жайларында, драмалык жана элдик-фольклордук ийримдерге Көркөм жетекчилик кылып, өз өнөрүн үйрөтүп, педагогикалык чоң жетишкендиктери үчүн ВЦСПСтин «Өздүк көркөм чыгармачылык искусствосундагы эң жогорку жетишкендиктери үчүн» аттуу Ардак Грамотасы менен 2 жолу, ЦК ЛКСМдин «Өздүк көркөм чыгармачылык искусствосундагы жетишкендиги үчүн» аттуу медалы менен 2 жолу сыйланган.
Кыргыз Цирк искусствосуна кошкон салымы – бул 1961-жылкы Жаныбеков жетектеген Кыргыз Циркинин эң алгачкы «Канаттагы комузчулар» программасынын автору жана машыктыруучусу, Кыргыз Цирки бул программа менен 56 жылдан бери Дүйнөлүк Аренага чыгып келүүдө, Кыргыз Циркинин көч башындагы программасы болуп калган.
Акын катары: 500 дөн ашуун лирикалык, Эл-Жер, Ата-Мекенге арналган мазмуунду ырлардын автору, алардын айрымдары газета-журналдардын беттерине жарык көрүп келүүдө.
1997-жылы Республика боюнча мектеп окуучуларына, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине кеңири таанымал болуп калган «Өз элиңдин Маданият тарыхын бил,Келечек Муун!» аттуу автордук окуу тарбиялык программаны иштеп чыгып, ал программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлиги аркылуу жактырылып, колдоого алынып, таалим-тарбиялык мааниси өтө таасирлүү заманбап деп табылып, 20 жылдан бери ушул программанын үстүндө үзүрлүү эмгектенип, мектеп окуучуларына жана студенттергр тартуулап, Республикалык масштабда чоң иш алып барууда. Бул программанын негизги максаты Кыргыздын нукура маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын, нукура маданиятка эмгек сиңирген Кыргыздын сыймыктуу инсандарынын өрнөктүү чыгармачылык жолун келечек муун болгон жаштарга тереңден таанытуу болуп эсептелет.
1989-жылы «Эмгектин Ардагери» медалы менен сыйланган.
1995-жылы «Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.
2018-жылы Чынгыз Айтматов атындагы Эл Аралык сыйлык ыйгарылган. Нурканбек Турсунбаевдин обондуу ырларынын 200 дөн ашууну 1995-жылдан
кийин жаралып, алардын дээрлик көпчүлүгү белгилүү эстрада жана опера ырчыларынын аткаруусунда элге кеңири таанылып, Улуттук Алтын казынаны байыткан чыгармаларга айланды.
1991-жылдын бери Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Республикалык фондун
жетектеп келет. Улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иш — чаралардын дээрлик баардыгын иш жүзүнө ашырууга жетекчилик кылып, Кыргыз маданият тарыхына зор салым кошуп келүүдө.
Эң чоң долбоордун бири Таттыбүбү Турсунбаеванын айкел эстелигин “Таттыбүбү” гүл бакчасына 19 жыл өмүрүн сарптап, өз эмгеги менен каржылап тургузуп, гүлбакча шаардыктар жана келген меймандар эс алуучу сүймөнчүк жайга айланды. Ошол ачык асман астындагы театрды элестеткен гүлбакчада эки жылдан бери жаш акындарды колдоо иретинде демөөрчүлүк кылып “Таттыбүбү Кыргыз поэзиясында” аттуу кароо- сынак фестивальды өткөрүп, опол тоодой эмгек кылып келүүдө.
2018-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп туруучу Нурканбек Турсунбаевдин “Ыр Толкундары” Эл аралык академиялык вокалисттер сынагы негизделип, чоң уюшкандыкта өткөрүлдү.
Мындан тышкары, “Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык Кайрымдуулук фондун” түзүп жардамга муктаж жарандарга, чыгармачылык инсандарга көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келүүдө. Бир нече жылдан бери ушул фонд аркылуу көп кырдуу жаш талантарды, чыгармачылык жаштарды колдоо иретинде Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык сыйлык ыйгарылып келүүдө. Республика боюнча мектептерге да кайрымдуулук иш чаралар өткөрүлүп, колдоо көрсөтүлүп келүүдөө.
Ролдору:
16.К.Мухамеджанов «Бали, бали кыздар ай!» — Султан
17.Р.Шукурбеков « Акындын үмүтү» -Уванке
18.В.Шекепир «Король Лир» — Эдгар
25. Ч.Айтматов «Биринчи мугалим» — Милиционер
26. К.Жантөшев «Каныбек» — Жигит
63. М.Байжиев «Төрт адам» — Искендер
64. Н.Байтемиров «Уркуя» — Сокур ырчы
65. А.Салынский «Мария» — Любим Зуйков
100.А.Фадеев «Жаш гвардия» — Рудольф
101.Т.Абдымомунов «Чолпонбай» — Арбенин
102.А.Фадеев «Жаш гвардия» — Вахтмайтер Бадлер
103.Б.Жакиев «Саадак какты» — Таз жору
104..Б.Жакиев «Саадак какты» — Элчи
105.М.Байжиев «Кыз -күйөө» — Күйөө жолдош
106.Ж.Садыков «Сейтек» — Карагул
107.Ж.Садыков «Сейтек» — Биринчи карыя
108.В.Дельмар «Эртеӊкиге ордуӊду бошот» — Гарвей
109.М.Токтобаев «Көл жээгиндеги үй» — Өзүгелди
110.М.Токтобаев «Алда артисттер ай!» — Артист
111.Б.Өмүралиев «Жүз катын» — Ууру
112.М.Тойбаев «Жаӊы келин» — Эргеш
113.М.Байжиев «12-күн» — Муканбет
114.Курасава «Турмуш кайрыктары» — Сима
115.Т.Касымбеков «Токтогул» — Арзымат акын
116.Ж.Садыков «Айкөл Манас» — Үрбү хан
117.Ж.Садыков «Айкөл Манас» — Ажыбай
118.Ж.Кулманбетов «Кагылайын Манасым» — Ырчы акын
119.Ш.Башкенов «Темир аял» — Субан Молдо
120. Цигарели «Ханума» — Соодагер 7-жигит
121.Т.Байжиев «Жигиттер» — Фельдфебель
122.Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» — Дүлөй чал
123.Б . Жакиев «Атанын тагдыры» — Бошкой
124.Р.Шүкүрбеков «Жапалак Жатпасов» — Талканбаев
125.А.Осмонов «Махабат» — Молдо
126.М.Байжиев «Байыркы жомок» — Түрк куйөө бала
127.М.Байжиев “Байыркы жомок” –Каракожо хан
128.Радзинский «Сократ менен маек» — Хордун катышуучусу
129.Ч.Айтматов, М.Шаханов “Сократты эскерүү түнү”- Яо тарыхчы
130.Ж.Садыков«Адам жана Азезил» — Карынбай
131.С.Алтымышев«Таӊ булбулу» — Арзымат акын
132.Ж.Садыков «Өмүр жана өкүнүч» — Калмырза акын