Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз Республикасынын эл артисти
Алсеитова Шайгүл Токтакуновна 1954-жылы 1-январда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ново-Вознесеновка айылында төрөлгөн. Кичинесинде чоң энесинин тарбиясын алып, Манас, кыргыздын чыгармалары менен тарбияланып, чыгармачыл чөйрөнүн инсаны болуп калыптанган. Кичинесинде уккан жөрөлгө, салт-санаа, кыргыздын нукуралуугу, маданияты, адабияты аны кыргыз маданиятына кайдыгер каратпай, театр дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө түркү болгон. 1971-жылы орто мектепти бүтүрүп, 1973-ж. Кыргыздрамтеатрынын алдындагы театралдык студияга тапшырып, аны 1975-ж. бүтүргөн. Ушул эле жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык көркөм институтуна кирип, 1979-ж. артыкчылык диплому менен аяктаган. 1979-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат. Актриса өзүнүн жарым кылымга жакын чыгармачылык жолунда кыргыз драматургиясынан баштап, дүйнөлүк классикада көптөгөн ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратты. Этаптуу ролдору: Ж.Садыковдун «Айкөл Манас» -Каныкей, «Сейтек» -Айүрөк, М.Байжиевдин «Кыз күйөө» -Гүлсүн, «Кожожаш» -Сур эчки, В.Шекспирдин «Антоний менен Клеопатра» -Клеопатра, А.Исмаилова «Махабат жана өлүм» -Тынайым.
Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгында театрлаштырылган оюн-зоокто Каныкей жана Курманжан датканын ролдорун аткарган.
1995-ж. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылган.
2020-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген ардактуу наамга татыган.
Кыргызстан Аялдар конгрессинин мүчөсү. Аялдар кыймылына жана өлкөнүн коомдук турмушуна жигердүү жана үзүрлүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан Аялдар конгрессинин Грамотасы менен сыйланган.
В.Шекспирдин «Антоний менен Клеопатра» спектаклинде Клеопатранын образын жаратканы үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка ээ болгон ж.б. көптөгөн грамота, дипломдордун ээси.
Ойногон ролдору:
кызганчаак аялдардын кечи» М.Гапаров -Сайра