Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуары жаңы спектакль менен толукталды. 2023-жылдын 23-24-25-26-февраль күндөрү орус классиги А.П.Чеховдун аңгемелеринен турган «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» спектаклинин премьерасы болуп өттү.
А.П.Чеховдун аңгемелери мындан 2 кылым мурда жазылса дагы учурдагы турмуш чындыгына дал келгендиги, биздин коомдогу көрүнүштөр менен шайкеш келгендиги менен актуалдуу. Адам баласы заман миң өзгөрсө да кошоматчылык, көрө албастык, зулумдук, эки жүздүүлүк өңдүү сапаттардан арыла албастыгын баяндайт. “Хамелеон”, “Конок”, “Булгануу”, “Дипломат”, “Жоон, ичке”, “Хор ырчысы”, “Зулум”, “Алсыз адам” аңгемелеринин негизинде сахналаштырылган спектаклде ар бир аңгемеде өз-өзүнчө турмуштун ачуу чындыгы чагылдырылган окуялар менен коштолуп отурат.
Спектаклге Казакстан Республикасынын Костанай областтык театрынын Көркөм жетекчиси Баатыр Шамбетов режиссёрлук кылды. «Тууган эл болгон менен эки элдин ортосунда айырмачылыктар бар. Казак актёрлоруна караганда кыргыз актёрлору сахнада өздөрүн эркин алып жүрүшөт экен, жумшартып, жымсалдабай эркин ойношот экен», — дейт мекенден алыс, боордош элдин маданиятына салым кошуп жүргөн кыргыз элинен чыккан режиссёр Баатыр Шамбетов.