Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры казак элинин улуу жазуучусу М.Ауезовдун 125 жылдыгына, КР эл артисти Н.Турсунбаевдин “80 жылдыгына” жана Кыргыз-казак дипломатиясынын 30 жылдыгына арнап, М.Ауезовдун “Еңлик Кебек” трагедиясын сахналаштырып, премьерасын тартуулашты.
Бул чыгарманын өзөгүн 17-кылымда жашаган бири-бирине кас Тобукту жана Найман уруусунан чыккан, даңкы далайга жеткен Тобуктунун Кебек аттуу баатыры менен эркиндикти сүйгөн Еңлик аттуу Найман кыздын сүйүүсү, салт боюнча кудаланып, Еңликке баш кошом деп жүргөн Найман уруусунун баатыры Эсендин сүйүү трагедиясы, окуянын кейиштүү аяктаарын алдын ала сезген олуя Нышан Абыздын толгонуулары, жаатташып урушуудан өзүнө пайда издеген эки уруунун бийлеринин зулумдугу, Еңликти бел тутуп жүргөн Жапал аттуу жетим койчунун арманы түзөт.
Спектаклдин режиссеру, КР эмгек сиңирген артисти Н.Мендебаиров.
Спектаклде М.Макатаевдин Ж.Көчөрбаеванын котормосундагы ырлары жана Н.Турсунбаевдин обондору колдонулган.
Которгон — Ж.Көчөрбаева, КР эмгек сиңирген артисти
Ролдордо:
Нышан Абыз — Н.Турсунбаев, КР эл артисти
Еңлик – Г.Сатарова, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси
Кебек — Э.Осмонов, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты
Эсен – Ж.Касейинов
Жапал – К.Атакан уулу, А.Кыдырмышев
Кеңгирбай – А.Мурадилаев, КР эмгек сиңирген артисти, А.Болорбек уулу
Көбөй – Ж.Кангелдиев, М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси
Караменде — Н.Салидинов, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси
Матак- К.Сарыбаев
Кембай — А.Качкынбаев
Жоомарт – Ж.Сманов
Эшмамбет – Д.Жанжигитов, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси
Жоотай – Б.Шаршенбаев