Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата “Эңлик-Кебек” спектакли менен Казакстан Республикасына барды.
2022-жылдын 14-октябрда Түркистан шаарындагы Түркистан музыкалык драма театрынын сахнасында, 15-октябрда Чымкент шаарындагы Өзбек драма театрынын сахнасында тартуулашты. Чыгармачыл жамааттын сапары Түркистан шаарындагы тарыхый жайларга болгон экскурсия менен коштолду.