Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
КР эмгек сиңирген артисти, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган кайталангыс талант Шайыргүл Касмалиева 2022-жылдын 17-октябрында сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү.
Шайыргүл Зарлыковна 1985-1989-жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын астанасын аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.
Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертурандагы спектаклдердин көркүн ачып келген.Коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, актрисанын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар актрисанын мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты.
Спектаклдеги ролдору:
Касенов «Алда жаш жубайлар ай» -Лазат
Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» -Кишимжан
Исмаилов «Катындын шайтаны семирсе» -Сойку кыз
Цагарели «Ханума» -Сопо
М.Тойбаев «Жөн эле Майраш» -Майраш
М.Гапаров «Туздуу чөл» -Дарика
Т.Абдумомунов «Жоробайдын жоруктары» -Гүлдана
Ж.Садыков «Сейтек» -Нөөкөр кыз
Ж.Кулманбетов «Кагылайын Манасым» -Келин
Ж.Өзүбекова «Кара кыз» -Ак кыз
М.Байжиев «Кыз күйөө» -Гүлсүн
М.Байжиев «Байыркы жомок» -Зулайка
У.Шекспир «Ромео менен Джульетта» -Джульетта
А.Чекиров «О куйручук ата кайдасың» -Зейнеп
Ж.Садыков «Адам жана Азезил» -Шекер
А.Аксы «Махабат жана өлүм» -Түйүмкан,
—————————————//———————- -Акбала
Т.Абдумомунов «Машырбек ъйлёнёт» -Алтынай
Ч.Айтматов
М.Шаханов «Сократты эскерүү түнү» -Айсулу
Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Майраш
Ж.Садыков «Өмүр жана өкүнүч» -Жаш кыз
Т.Касымбеков «Курманжан датка» -Курманжан
К.Акматов «Азаттыгым арманым» -Хан Ли
Ж.Садыков «Ормон хан» -Уулбала
У.Шекспир «Король Лир» -Корделия
Б.Калчабаева «Аян» -Айдай
М.Карим «Ай тутулган түндө» -Зубаржат
М.Абылкасымова,
К.Иманалиев «Атаке баатыр» -Калмак ханышасы
А.Паронян «Багдасар аке» -Ануш
Ж.Б.Мольер «Анткор оорулуу» -Белина
М.Байжиев «Узак сапардагы поезд» -Аял
Р.Оторбаев «Тагдыр» -Салима
К.Зарлыкова «Сүйүү арманы» -Калия
В.Шекспир «Король Лир» -Корделия
Б.Калчабаева «Бандуу махабат» -Нурканым
С.Ахмад «Күйөө бала» -Рахима
Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» (2008ж.)-Каныкей