Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» спектакли менен Казакстан Республикасында өтүп жаткан көрүнүктүү театр жана кино режиссеру, Казакстандын Эл Баатыры, СССРдин эл артисти жана СССР жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Азербайжан Мадиевич Мамбетовдун 90 жылдыгына арналган II Эл аралык «TEATRALL» театралдык фестивалына катышат.
Спектакль 2022-жылдын 29-ноябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы Мемлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрынын сахнасында тартууланат. Дал ушул спектакль Астана шаарында өтүп жаткан Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүн жыйынтыктайт.